22:21
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ЖЭБдеги авария. Шаардын түштүк-батыш бөлүгүндө жылуулук жана ысык суу өчүрүлбөйт

Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүндө жылуулук жана ысык суу өчүрүлбөйт. Бул тууралуу вице-мэр Жыргалбек Шамыралиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, борборду жылуулук жана ысык суу менен эки ишкана камсыздайт. Бул «Бишкек жылуулук тармагы» жана «Бишкек жылуулук энерго» .

«Шаардын 66 пайызы Бишкек жылуулук тармагынын абоненттери, калганын Бишкек жылуулук энерго ишканасы тейлейт. Ал жакта баары туруктуу иштеп жатат. Бул негизинен борбордун түштүк-батыш тарабы — Жал кичи району жана Политех университети жайгашкан район. Ал жакка жылуулук жана ысык суу өзгөрүүсүз берилет», — деди Жыргалбек Шамыралиев.

Анын айтымында, «Бишкек жылуулук энерго» ишканасы 449 көп кабаттуу үйдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

Айта кетсек, бүгүн түндө Бишкек жылуулук борборунда авария болгону маалымдалган. Алдын ала маалыматтарга караганда, казандардын бири жарылган. Азырынча жарылууга эмне себеп болгону белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер менен бала бакчалар онлайн окутууга өтүштү. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар