23:09
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

ЖЭБдеги авария. Жылуулук системасы эки-үч күндө калыбына келтирилет

«Биз мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө шаардын жылуулук системасын калыбына келтиребиз», — деди бүгүн маалымат жыйында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов.

Анын айтымында, калыбына келтирүү иштерине болжол менен эки-үч күн кетет. Бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук тармагынын системасы тоңуп калбашы үчүн рециркуляция режиминде иштеп жатат. Бул бардыгы калыбына келтирилгенге чейин созулат.

«Электр энергиясы менен камсыздоодо маселе жок. Абоненттерге электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет», — деди Насипбек Керимов.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. Президент кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды.

Эң көп окулган жаңылыктар