12:31
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Бишкек шаардык ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү

Бишкек шаардык ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, таңкы саат 3:00 чамасында ЖЭБде катталган авариялык абалдан улам иштен чыккан жабдууларды жана авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алынып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

«Учурда ЖЭБдин кызматкерлери аравиялык абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Мекеме түнкү кезекте турган үч кызматкер жаракат алып, учурда ооруканада экенин билдирди (дарыгерлердин маалыматына ылайык, беш адам жабыркаган).

 Керектөөчүлөргө электр энергиясы үзгүлтүксүз берилет. Бирок шаардын жылуулук режимин сактоо максатында ысык суу берүүдө чектөө киргизилди.

«Урматтуу шаардыктар, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алыныздар», — деп билдирди мекеме.

Буга чейин Бишкек жылуулук электр борборунда түндө жарылуу болгону кабарланган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жылытуучу казандардын бири жарылган. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жаткырылды. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду.

Эң көп окулган жаңылыктар