Катуу борошо жана тоңголоктон улам Батыш Европа - Батыш Кытай автожолунда, Жуалин районундагы Нурлыкент айылынын жанында массалык жол кырсыгы катталып, 26 унаа кагышкан. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлады.
Жамбыл облустук полиция департаментинин маалыматы боюнча, массалык жол кырсыгы 31-январда эртең менен жолдун 567-чакырымында болгон.
«Аба ырайынын начардыгынан улам төрт жүргүнчү автобус, төрт жүк ташуучу унаа жана жеңил унаалар кагышкан. Жол кырсыгынан каза болгондор жок. Момышулы айылындагы борбордук райондук ооруканага 25 адам кайрылган», — деп айтылат маалыматта.