Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборунун башкы директору ири алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
«2023-жылдын ноябрь айынын аягында борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылы туруктуу киреше убада кылып, «Фаргокоин» криптовалютасын сатуу боюнча бүтүмдүн шылтоосу менен 22 миң доллар жана 1 миллион сом акча каражатын ээлеп алган адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген жалпы чыгым 2 миллион 969 миң сомду түзгөн», — деп айтылат маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары «Ала-Арча» соода борборунун башкы директору Б.Т., аттуу жаран кармалган. Райондук соттун чечими менен анын баш коргоо чарасы каралып, камакка алынган.
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул алдамчылык боюнча башка жабыркаган жарандар дагы болушу мүмкүн. Кылмыш шериктештерин аныктоо максатында тергөө ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.