02:03
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

АКШ сенатору Орусияны терроризм демөөрчүлөрүнүн тизмесине киргизүүнү сунуштады

Сенатор-демократ Роберт Менендес АКШ президенти Дональд Трампка кайрылып, Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипалдын ууландырылышына байланыштуу Орусияны терроризмдин демөөрчүлөрүнүн тизмесине киргизүү маселесин караштырууга чакырды. Бул тууралуу Washington Examiner басылмасы жазды.

Менендестин пикиринде, АКШ бийлиги химиялык курал колдонууга киргизилген тыюуну бузгандыгы үчүн Орусияга жаңы санкцияларды киргизиши керек. Буга чейин Түндүн Кореянын лидери Ким Чен Ындын аталаш бир тууганынын ууландырылып өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Пхеньянга жаңы санкциялар киргизилген болчу.

Сенатордун айтымында, АКШ Сергей Скрипальменен анын кызынын Орусияда жасалган зат менен ууландырылышына байланышкан маселеде Улуу Британияны колдошу керек. Ал Трампты Орусия тараптан америкалыктар жана АКШнын достору үчүн жаралып жаткан коркунучту таанууга чакырды.

Күн мурун АКШнын президенти Дональд Трамп менен Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй телефон аркылуу «Скрипалдын ишин» талкуулашкан. Анда эки лидер тең эл аралык нормаларды одоно бузуу менен ууландыруучу затты пайдалангандар жооп бериши керектигин белгилешкен. Бирок Трамп менен Мэйдин сүйлөшүүсү маалында Орусиянын аты аталган эмес.

12-мартта Тереза Мэй Сергей Скрипаль Орусиянын лабораторияларында жасалган адамдын нерв системасын сенек кылчу зат менен ууландырылган болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар