16:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы 140 миңге жакын жаран турак-жайын камсыздандырган

Өлкөдө 2023-жылы 137 миң 109 адам турак-жайын камсыздандырган. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылы бул көрсөткүч 118,4 миңди түзгөн.

 Өткөн жылы 151 учурда жалпысынан 27 миллион 244,7 миң сом төлөнүп берилген.

«Турак-жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 2015-жылы кабыл алынган, бирок аны аткарбаган учурда жоопкерчиликке тартуу каралган эмес.

Айыл жергесинде полис үчүн бир жылга 600 сом, шаарда болсо 1,2 миң сом төлөнөт. Камсыздандыруу учуру келгенде 500 миң жана 1 миллион сомго чейин алууга болот. Акыркы сумма зыянды баалагандан кийин аныкталат.

Төлөмдөрдү өрт же жер титирөө, жер көчкү, сел, суу ташкыны сыяктуу табигый кырсыктар болгон учурда алууга болот.

Эскерте кетсек, түндө Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын жерде алты жолу жер титирөө катталды. Алардын эң алгачкысы 8 баллга жетип, Кыргызстанда 3 баллдан 6 баллга чейин сезилди.

Эң көп окулган жаңылыктар