06:38
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Жер титирөө. «Кумтөр» кени штаттык режимде иштеп жатат

Бүгүн түндө болгон жер титирөөдөн кийин «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому кен ишканасында абал туруктуу экенин билдирди.

Жер титирөө учурунда «Кумтөр» кен ишканасынын бардык кызматтары коопсуздук техникасынын эрежелерине ылайык иш алып барышкан.

«Кумтөр кенинде жабыркагандар жана кыйроолор жок. Азыркы учурда кен кадимки, штаттык режимде иштеп жатат», — деп билдирди ишкана.

Эскерте кетсек, түндө Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын жерде алты жолу жер титирөө болду. Жердин силкинүүсү 8 баллга жетип, Кыргызстанда 3 баллдан 6 баллга чейин сезилди.

Эң көп окулган жаңылыктар