20:58
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Кыргызстанда бир жумада сасык тумоонун 10 миңден ашык учуру катталды

Кыргызстанда 2024-жылдын экинчи жумасында, 8-январдан 14-январга чейин курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоонун 10 миң 112 учуру катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Биринчи жумага салыштырмалуу оору 22,5 пайызга өскөн.

Ооругандардын 65,4 пайызы 14 жашка чейинки балдар.

«Лабораториялык жыйынтыктарга ылайык, эпидемиологиялык сезон А/H3N2 тумоосу менен шартталган. Жалпысынан оорулуулардан 1 миң 387 анализ алынды. Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын циркуляциясы байкалып, риновирус, респиратордук-синтициалдык вирус, парагрипп жана башка вирустар басымдуулук кылат», — деп белгиледи мекеме.

Оорунун жогорку деңгээли Бишкек шаарында, ошондой эле Чүй жана Баткен облустарында катталган.

Республикада COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу, бир жуманын ичинде борбор калаада жана Чүй облусунда төрт учур катталды.

Сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 ооруларынын мониторинги улантылып, эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө.

Бардык саламаттык сактоо уюмдарында маска режими жана карантин сакталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар