14:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шашылыш билдирүү. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү күтүлөт

11-январдан 12-январга чейин жолдор тайгак болуп, тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

  • Бишкек — Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашууда;
  • 198-255-чакырымдарындагы Чычкан капчыгайында (Ала-Бел ашуусу);
  • Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында;
  • Красная-Горка — Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

«Бул күндөрү жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелүүсү зарыл. Алыскы жолго чыкканда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөкчө, дары-дармек топтомун жана гүл-азык алууну унутпаңыз», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ өзгөчө кырдаалга кабылган учурда 112 кызматына чалууну эскертет. 

Эң көп окулган жаңылыктар