03:08
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Тиш догдурда чарчап калган наристенин иши: медборбордун директору иштен алынды

Бишкектеги стоматологиялык клиникалардын биринде чарчап калган наристе боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунун директору жана анестезиологу иштен алынды. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, окуу жайдын клиникасынын жана «Дентомах» борборунун иши токтотулду.

«Бул медициналык борборлордун ортосунда келишим болгон эмес. «Дентомахтын» тиш доктуру келишимсиз КММАда клиникалык иш жүргүзүүгө укугу жок болчу. Бул өтө чоң мыйзам бузуу. Текшерүү уланууда», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Эске салсак, наристеге жалпы наркоз берилгенден кийин чарчап калган. Милиция кылмыш ишин козгоп, Саламаттыкты сактоо министрлиги окуяга байланыштуу комиссия түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар