Баткен облусунда контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу үчүн түзүлгөн ири каналга бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу 93 миллион 441 миң 460 сомго (4 миң 378 телевизор, 3 миң 162 уюлдук телефон, 265 дөңгөлөк, 2,5 тонна жез жана башкалар) аткезчилик товарлардын ири партиясын алып өтүүгө аракет кылышкан.
18-майда Кадамжай райондук сотунун чечими менен товар мамлекеттин пайдасына конфискацияланган. Алар кылмыш ишинин катышуучуларына таандык болгон. Шектүүлөр кызмат адамына пара берүүгө аракет кылып, күнөөлүү деп табылган. Алар 1 миллион 550 сом айыпка жыгылган. Ошондой эле акцизсиз тамекилерди сатуу фактысы аныкталып, 8 миллион 804 миң 220 сом айып салынган.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик конфискацияланган товарларды мамлекеттин пайдасына сатуу үчүн мамлекеттик ишканаларга өткөрүп берет.