09:27
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстан кургак учукту дарылоо үчүн Глобалдык фонддон 27 миллион доллар алат

Кыргызстан менен Глобалдык фонд кургак учук жана СПИДди дарылоо үчүн 27,8 миллион долларлык гранттык келишимге кол коюшту. Бул жөнүндө 24.kg басымасына «Партнерская сеть» саламаттык сактоо программалар ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев билдирди.

«Өткөн жуманын аягында билдирмеге биз тараптан кол коюлду. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева кол коюшту. Келишим Женевага жөнөтүлдү», — деди ал.

Грант 2024-2026-жылдарга макулдашылды.

Билдирме төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • кургак учукту дарылоо жана диагностикалоо — жылына 1 миллион доллар;
  • дары-дармек менен камсыз кылуу — 8 миллион доллар;
  • СПИД кызматын колдоо — 3 миллион доллардан ашуун;
  • алдын алуу программалары — 5 миллион доллар.

Айбар Султангазиевдин айтымында, Глобалдык фонддун өкүлдөрү декабрдын башында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттыкты сактоо министри, депутаттар жана жарандык сектор менен жолугушкан.

«Бул жакта төрт күн болушту. Жолугушуулар өткөрүлдү. Өлкө кол коюуга канчалык даяр экенин көрүп, сунуштарын берип кетишти», — деп кошумчалады ал.

Айбар Султангазиев келишим 1-январдан тарта күчүнө кирерин белгиледи.

Белгилей кетсек, сентябрь айында Глобалдык фонд СПИД менен күрөшүү үчүн каржылоону токтоткону белгилүү болгон. Себеби Женевадагы Глобалдык фонддун 2024-2026-жылдарга карата өлкөлөрдүн өтүнмөлөрүн талкуулоо боюнча жыйынына Кыргызстандын мамлекеттик түзүмдөрүнүн өкүлдөрү барбай калган. Фонддун аймактык менеджери Димитру Латичевский Кыргызстандын арызы боюнча сүйлөшүүлөр токтотулганын билдирген. Ага чейин Глобалдык фонд 2026-жылга чейин өлкө үчүн 27,8 миллион доллар акча бөлүүнү колдогон болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар