09:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу түрдө азаюуда

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны туруктуу түрдө азаюуда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Аэлита Ибраева билдирди.

Айтымында, 18 жыл аралыгында ооругандардын көрсөткүчү 100 миң калк арасында 167,8ден 82,9га кыскарган. «2001-жылдан бери кургак учуктан каза болгондордун саны 100 миң калк арасынан 27ден 4,6га азайган», -деди ал.

Анын айтымында, кургак учукка каршы кызматта 1,2 миң бейтап дарыланууда. Бул сан акыркы 3 жылдан бери өзгөрө элек. «Дарылоонун жаңы схемасы жакшы жыйынтыктарды берүүдө», -деп кошумчалады адис.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин өкүлү Айбар Султангазиев Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматынын аныктыгына күмөн санаган. Анын маалыматына ылайык, балдар жана өспүрүмдөр арасында дарыга туруштук бере ала турган кургак учук көбөйүп жатат. Эгерде 2017-жылы 34 гана учур катталса, былтыр 83 учур катталган.

Бирок, Саламаттык сактоо министрлигинде таптакыр башка маалыматтар айтылууда, 2017-жылы 39, былтыр 48 учур катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби
24-апрель, шаршемби