23:04
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кургак учукка каршы эмдөө бир да өлүмгө алып келе элек

Кургак учукка каршы эмдөөдө бир да өлүм каттала элек. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында Фтизиатрия улуттук борборунун директору Абдуллаат Кадыров билдирди.

Кургак учукка каршы ымыркай алгачкы 2-3 күнү эмделет. 

«Эмделген бала кийин кургак учукту жуктуруп алса дагы жеңил ооруйт. Негизинен бул эмдөө (БЦЖ) терс таасир берген учурлар өтө чанда. Жалпы эмделгендердин 0,06 пайызында гана абалы оорлошкон. Көбүнчө аллергия пайда болушу мүмкүн. Бирок, ал вакцинага байланыштуу эмес. Эмдөөдө эрежелер толук сакталбагандан улам пайда болот», – деди Абуллаат Кадыров.

Кургак учукка каршы эмдөө дүйнөнүн 181 өлкөсүндө жүргүзүлөт. Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлиги балдарын эмдетүүдөн баш тарткандардын саны көбөйүп бара жатканын айтат. Акыркы жылда 2 миңге жакын ата-эне баласын эмдөөдөн баш тарткан. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума