Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясынын Цзишишань уездинде күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. «Синьхуа» акыркы маалыматтар боюнча, 111 адам каза болгонун билдирди.
Белгиленгендей, жер титирөө кечээ Пекин убактысы боюнча саат 23.59да 10 чакырым тереңдикте болгон. Жер титирөөнүн эпицентри Лугоу айылында, Цзишишань округунун административдик борборунан сегиз чакырымдай алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөдөн үйлөр, жолдор жана башка инфраструктуралык объектилер жабыркады. Ошондой эле бир нече айылдарда электр энергиясы жана суу үзгүлтүккө учурады.
Кырсыктын кесепеттерин жоюуга 580 куткаруучу, 88 өрт өчүрүүчү унаа, 12 издөө иттери тартылды.
Бул аймактан өткөн жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддердин кыймылы токтотулду.