14:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу 25-декабрдан тарта башталат

Жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу 25-декабрдан тарта башталат. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

«Абитуриент Online» автоматташтырылган маалымат системасына ылайык, биринчи тур 25-27-декабрда, экинчи тур 8-10-январда, үчүнчү тур 15-17-январда өтөт. Мындан тышкары, төртүнчү тур 22-24-январга пландаштырылган.

 Билим берүү министрлиги кышкы кабыл алууга 35 жогорку окуу жайы катышып жатканын билдирди. Алардын тизмеси менен 2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн 902 адам өтүп, алардын 554ү 110 баллдан жогору (зарыл болгон босого) балл алышкан. Ошондой эле жазгы ЖРТ сертификаттары да жарактуу.

Кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга гана жүргүзүлөт.

Республиканын ЖОЖдоруна жылына эки жолу кабыл алуу механизми жогорку кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында иштелип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар