03:56
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Чоң-Алай жана Кадамжай райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай жана Кадамжай райондоруна жаңы акимдерди дайындоого кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мирбек Шамырканов Ош облусунун Чоң-Алай районунун акими болуп дайындалды. Ал буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагынын башчысы болуп иштеген.

Баткен облусунун Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын жаңы башчысы болуп 30 жаштагы Болоткан Баяке уулу дайындалды. Ал эки күн мурда кызматтан бошотулган Кутпидин Шакировдун ордуна аким болду.

Эң көп окулган жаңылыктар