10:41
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баардык райондордун акимдери ротация болду

Садыр Жапаровдун «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгына ылайык, өлкөнүн бардык район башчылары орун алмашты. Айрымдары иштен бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдерит.

Маалыматка ылайык, мындай чечим коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде бейтараптыкты камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Ага ылайык Өзгөн районунун акими Мурат Раматов Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук администрациясынын башчысы болсо, Жети-Өгүздүн башчысы Руслан Маматкулов анын ордуна барды.

Буга чейин Ат-Башы районун жетектеп турган Нурбек Сатаров Жалал-Абаддын Ала-Бука районунун акими болуп дайындалды. Сатаровдун бошогон ордун Эмилбек Абдыкадыров ээледи.

Мындай орун которуштуруу бардык райондун акимдеринин ортосунда жүрдү.

Быйыл мартта Мамлекеттик кадр кызматы район акимдерин мамлекеттик аттестациядан өткөргөн.

Үч этаптан турган сынактын биринчи баскычында жетекчилердин ишмердиги иликтенип, экинчи баскычында мыйзамдарды билүүгө жана жеке сапаттар боюнча компьютердик тест, үчүнчү баскычы катары акимдер маектешүү менен өткөрүшкөн.

Жыйынтыгында Нарын облусунан үч, Баткенден беш, Жалал-Абаддан жети, Ош облусунан төрт жана Ысык-Көлдөн эки аткаминер ээлеген кызмат ордуна «ылайыктуу эмес» деп табылган.

Кыргызстанда 495 айыл өкмөттүн башын кошкон 44 район бар.

Эң көп окулган жаңылыктар