20:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Наманганда окуучу кыз төрөп, эс алуудагы мугалимдер жумушка чакырылды

Өзбекстандын Наманган облусунун Чартак районунда 7-класстын окуучусу төрөгөндүгү тууралуу маалыматтан кийин райондук билим берүү башкармалыгы эс алуудагы мугалимдерди мөөнөтүнөн мурда жумушка чакырды.

Мекеменин жетекчиси Шохиста Тургунова окуучу кыз төрөгөндүгүн четке кагып, бирок айрым мугалимдер жумушка чакырылганын ырастады.

Ал кыз төрөгөн жок. Болгону гинекологиялык текшерүү маалында өз жанын кыя тургандыгын айткан. Бул сөздөр ушундан улам чыкты. Биз анын үйүнө барып, маселени жөнгө салып келдик. Бул окуядан кийин чынында эле эмгек өргүүсүндөгү айрым мугалимдер жумушка чакырылды. Алар балдар менен сүйлөшүп, жайкы каникулду кандай өткөрүп жаткандыктарын сурашат. Быйыл жумушка чыккан күндөрү үчүн алар эмдиги жылы эс алышат

Шохиста Тургунова

Мугалимдер болсо окуучулардын үйлөрүн кыдырып, болгон окуя тууралуу ата-энелерге маалымат берип, балдарына көзөмөлдү күчөтүү керектигин эскертип жаткандыктарын айтышууда.

«Эгер кыздар эрезеге жеткен болсо, аларды УЗИге алып барып жатабыз. Ата-энелер менен сүйлөшкөндөн кийин ортодогу маектин мазмунун кагазга жазып, окуучулар жана алардын ата-энелери менен сүрөткө түшөбүз. Анан аларды отчет катары топтоп, мектеп жетекчилигине тапшырабыз. Ал жактан райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлөт», — деди мугалимдердин бири.

Чартак РИИБсинин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкери жергиликтүү мектептердин биринде окуган 13 жаштагы кыз төрөгөнүн ырастады.

«Учурда бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө. Бул ишке тиешеси барлардан ДНК анализдер алынып жатат. Азырынча башка маалыматтар айтылбайт», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар