14:58
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Түркмөнстанда окуучу кыздардын телефонунан порно видеолор изделүүдө

Түркмөнстандын Дашөгүз шаарындагы жана бир катар район борборлорундагы мектептерде окуучулардын телефондорунда уят видео жана сүрөттөрдүн бар-жоктугу текшерилип, кыздар гинекологдун текшерүүсүнө жөнөтүлүүдө.

«Азаттыктын» түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өткөн аптада облустагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер, атайын кызмат жана полиция өкүлдөрү эскертүүсүз мектептерге барып, жогорку класстын окуучуларынын телефондорун жыйнап кетишкен. Кийинчерээк текшерүүнүн максаты — аларда мультимедиялык файлдардын бар-жоктугун аныктоо болгону кабарланды.

Өз булактар билдиришкендей, мындай текшерүүлөр облус жетекчисинин билим берүү жана маданият боюнча орун басарынын буйругу менен жүргүзүлүүдө.

«Эч кандай эскертүүсүз келип телефондорубузду чогултуп кетишти. Текшерүүнүн себептерин да түшүндүрүшкөн жок. Бирок кийинчерээк алар порнографиялык мүнөздөгү видео жана сүрөттөрдү издегени белгилүү болду. Андай файлдар жогорку класстын дээрлик бардык окуучуларынын телефонунан табылды», — деди облустагы мектептердин биринин окуучусу.

Айтымында, андан соң уят тасмалар табылган окуучулардын телефондору алынып, ата-энелердин катышуусунда алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Жогорку класстын кыздарын гинекологдор текшеришти. Кыздык белгиси жоктордун ата-энеси чакыртылып, аларды мектеп алдында уяткарышты. Бул текшерүүлөрдөн кийин мектеп директору жумуштан алынды», — деп билдирди басылманын өз булагы.

Дашөгүз облустук акимчилигинен текшерүүлөрдүн максаты тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Бирок аты-жөнүн билдиргиси келбеген жергиликтүү полиция кызматкеринин айтымында, текшерүүлөр акыркы кездери сойкулук менен алектенген мектеп курагындагы кыздардын көбөйүп кеткендигине байланыштуу жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, буга чейин Өзбекстанда окуучу кыздарды гинекологдун кароосунан өткөрүү жүргүзүлгөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума