11:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте «Вок лагман» тез тамактануучу жайында жапырт уулануу болду

Бишкекте «Вок лагман» тез тамактануучу жайында жапырт уулануу болду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада беш адам жабыркады.

«Уулануунун алгачкы белгилери саат 2.00дө 4-декабрда байкалган. Жабыркагандар медициналык тез жардам алышты. Тамактан уулануу лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен тастыкталды», — деп белгилешти департаменттен.

 Тез тамактануучу жайда пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Санитардык мыйзам бузуулар аныкталып, 23 миң сом айып салынды.

«Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Вок лагман» фаст-фуд жайында шектүү тамак-аштын калдыктары табылган жок. Уулануунун себебин аныктоо үчүн лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүүдө», — деп кошумчалады мекеме.

Мамсанэпидкөзөмөл борбору жабыркагандар Киев көчөсү, 95 дареги боюнча тез тамактануучу жайдан лагман сатып жешкенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар