17:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын бюросунун курамына кирди

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун директору Санжар Болотов Женевада БУУнун Европа экономикалык комиссиясы тарабынан уюштурулган МЖӨ боюнча жумушчу топтун жетинчи сессиясына катышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Санжар Болотов сессиянын негизги баяндамачыларынын бири катары сөз сүйлөдү. БУУнун ЕЭК бюросунун жаңы мүчөлөрүн шайлоо күн тартибинин негизги маселелеринин бири болду. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан жаңы курамына кошулду. Бюронун курамына Канада, Италия, Гаити жана Грециянын өкүлдөрү дагы кирди.

«Кыргызстан тарыхта биринчи жолу БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча бюросунун курамына кирди. Бул БУУнун Европа экономикалык комиссиясы жана башка эл аралык уюмдар менен учурдагы кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборун өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар