USD87.45EUR98.38RUB1.04
24.kg

Шашылыш билдирүү: 9-декабрда аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө

16:24, 05 декабря 2023, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 9-12-декабрларында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү болушу мүмкүн.

Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 9-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт. Тоолуу райондордо температура −10 градуска чейин түшүшү мүмкүн.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

«Алыскы жолго чыгаарда унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз. Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, кырсык катталган учурда 112 кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат», — деп билдирди мекеме.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика