13:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Педагогикалык адистиктерге кабыл алуу үчүн ЖРТнын босого баллы жогорулайт

Абитуриенттерди жогорку окуу жайга кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллы бара-бара жогорулайт. Бул тууралуу «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним» жана «Мекенчил» депутаттык фракцияларынын жыйынында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

Анын айтымында, педагогикалык адистиктерге кабыл алуу үчүн босого балл 5 пайызга, ЖРТнын орточо босого баллы 2 пайызга жогорулайт.

«Биздин болжолго ылайык, 2024-жылы бюджеттик орундарга босого балл 123 болот. 2023-жылы ал 110 болчу. 2023-2024-окуу жылында педагогикалык адистиктерге тапшыргандардын орточо баллы 160 баллды түздү», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар