Бишкектеги № 33 мектебинин окуучулары кайрадан эвакуацияланды. Маалыматты 24.kg агенттигине Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Белгиленгендей, бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Эске салсак, мындай билдирүү үчүнчү жолу түшүп жатат. 27 жана 28-ноябрда дагы аталган мектептин окуучулары жана мугалимдери бомба жөнүндө кабардан улам эвакуацияланган.