07:02
USD 88.34
EUR 95.27
RUB 0.96

Кыргызстандын калкынын 72 пайызы бейрасмий сектордо эмгектенет

Кыргызстанда эмгекчилердин 70 пайыздан ашыгы бейрасмий сектордо иштешет. Бул тууралуу Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин жыйынында Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева билдирди.

Анын айтымында, жарандар көбүнчө тигүү тармагында, соодада, айыл чарбасында, курулушта, коомдук тамактануу тармагында бейрасмий иштешет.

«Мен эми үй жумушчулары жөнүндө айткан жокмун, бул дагы расмий эмес сектор. Кызматкерлер менен эмгек келишимдери түзүлбөйт, алардын укуктары корголгон эмес. Биз өлкөдө расмий эмес сектордун үлүшүн азайта албай жатабыз. 70 пайыз болсо, ошол бойдон калууда», — деди Рыскүл Бабаева.

Анын айтымында, 2008-жылдан бери эмгекти коргоо боюнча бир дагы конвенция ратификацияланган эмес. Советтер Союзунун убагында кабыл алынган конвенциялар бар.

Депутат Гуля Кожокулова бардык эле жарандар өз укуктарын билбей турганын белгиледи. «Официант болуп жумушка орношкондо да социалдык жөлөк пул алуу үчүн келишим түзүш керек», — деп кошумчалады ал.

Эл өкүлү кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү корголгон эмес экенин белгиледи. Анын айтымында, бизнес жарандарды колдонуп, ошол эле учурда салык төлөбөй турганын айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар
13-май, дүйшөмбү