21:53
USD 87.00
EUR 90.63
RUB 0.79

Курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекция менен жабыркагандардын саны өстү

Кыргызстанда 20-ноябрдан 26-ноябрга чейин бир жуманын ичинде курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын 5 миң 50 учуру катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана жана мамлекеттик санитардык-эпдемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалымат боюнча, өткөн жумага салыштырмалуу көрсөткүч 13,1 пайызга жогорулаган. Ооругандардын жарымынан көбү 14 жашка чейинки балдар.

 Бир жуманын ичинде Бишкекте төрт COVID-19 учуру катталды.

Белгиленгендей, республика боюнча 87 миң 110 адам сасык тумоого каршы вакцина алган. Бардык аймактарда эмдөө аяктады. Бишкектин алты жеке менчик медициналык борборунан эмдөөнү акы төлөп  алууга болот.

Дарыгерлер респиратордук инфекцияларды алдын алуу чараларын, анын ичинде маска режимин жана социалдык аралыкты сактоого чакырышууда.

Эң көп окулган жаңылыктар