Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жакынкы күнү 100 тонна азык-түлүк, тагырагы 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500дөн керебет, жууркан, төшөк ооган элине жеткирилет.
Ошондой эле Эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.
2023-жылдын 7-октябрында Ооганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Кырсыктан 2 миңден ашуун адам каза болуп, 9,2 миң адам жаракат алып, 1,3 миңден ашуун турак-жай жабыркаган.