18:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Аравандык келин эмне үчүн эгиз кыздарын сабагандыгын түшүндүрдү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева энеси тарабынан сабалган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу акыйкатчынын аппараты билдирди.

Социалдык тармактарда видео жарыялангандан кийин акыйкатчы кыздардын укугун коргоону тапшырган.

Мекеменин Ош облусундагы өкүлчүлүгү эгиз кыздарга медициналык жардам көрсөтүлүп жаткан Араван райондук ооруканасына барышты. Бирок кыздарды атасы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн алып кеткендиктен жолуга алышкан эмес.

Араван райондук соттук-медициналык эксперттердин айтымында, кыздардын денесинде көптөгөн көк-алалар, шишиктер жана ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу деп белгилешти.

Ошондой эле, райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан, 2023-жылдын май айынан бери ымыркайларга жөлөк пул төлөнбөгөнүн билдирди. Буга чейин эгиздердин ар бирине 1 миң 200 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилип келген.

Мындан тышкары өкүлчүлүктүн кызматкерлери Араван райондук ички иштер башкармалыгына барып, кыздарын сабагандыгы үчүн кармалган С.Д. менен жолугушту.

Анын айтымында, жарандык никедеги жолдошунун бир туугандары жана апасы ага психологиялык басым жасап келишкен. Ал ызааланып, ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөн.

«Алар мени ар дайым кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүштү. Кыздарымды төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем, кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген», — деп кыздардын апасы айтып берген.

Келиндин айтымында, ал ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепте 9-класска чейин окуп, кийин уланткан эмес. 18ге чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок беш баласы менен ажырашып келген атасынын карындашы аны киргизбей койгон.

Ал С. Х. аттуу жаран менен никеге турган, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алган эмес. Кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү келиндин айткан версиясын текшерүү үчүн тиешелүү органдарга билдирме жөнөтүштү. Укук-коргоо органдары берген маалыматтар боюнча, анын жарандык никедеги жолдошунун апасына жана карындашына соттук-психиатриалык экспертиза дайындалды.

Эң көп окулган жаңылыктар