17:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кышкы ЖРТга кошумча каттоо кайсы күнү болору айтылды

Абитуриенттерди кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 24-ноябрда өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

Мекеме орто мектептердин 11-классынын окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери ЖРТга катталууга жана тапшырууга укугу жок экенин белгиледи.

Каттоо 13:00дөн 17:00гө чейин:

  • Бишкек шаарында — Кусеин Карасаев атындагы БМУнун башкы корпусунда (Чыңгыз Айтматов проспекти, 27);
  • Ош шаарында — ОшМУнун башкы корпусунда (Ленин көчөсү, 331) өткөрүлөт.

Каттоо акысы — негизги жана предметтик тест үчүн 470 сом.1

Каттоо үчүн керек болгон документтер:

  • Каттоо төлөмдөрү төгүлгөндүгүн тастыктаган квитанция («РСК банк»);
  • Паспорт же аскердик күбөлүк;
  • 3×4 өлчөмүндөгү эки сүрөт;
  • орто (кесиптик) билим жөнүндө аттестаттын (дипломдун) түп нускасы.

! Жогорудагы документтердин бирөөсү жок болсо, каттоо жүргүзүлбөйт.

Тест 25, 26-ноябрда өтөт.

Эскерте кетсек, кышкы кабыл алуу Кыргызстанда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Окуу жайга тапшыруу үчүн абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшү керек. Былтыр кышкы ЖРТга 1 миң 260 абитуриент катышып, 800дөн ашыгы окууга өткөн. Быйыл 767 адам катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар