23:20
USD 86.50
EUR 91.43
RUB 0.87

Жол киренин кымбатташына макулсузбу (сурамжылоо)

Бишкек шаарынын мэриясы жол кире акысын жогорулатуу маселесин кайра көтөрдү. Мекеменин сайтында тиешелүү ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө билдирүү жайгаштырылган.

Колдонуудагы тарифтер жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканаларды керектүү көлөмдөгү каржы менен камсыздабаганы белгиленет. Коомдук транспорттун кирешелүү эместигинен улам, анын курамын жаңыртуу мүмкүн эмес болууда.

Борбор калаада акыркы жолу жол кире бир жыл мурун көтөрүлгөн. 2021-жылдын 1-ноябрынан баштап жол акысы троллейбустарда жана автобустарда 11 сом, ал эми маршруткаларда 15 сомду түзөт.
Жол кире канча сомго кымбаттайт, азырынча белгисиз.

Социалдык тармактын колдонуучулары тарифтер жогорулаганы менен маршруткалардагы шарттар дээрлик жакшырбай жатканына нааразы.

24.kg агенттиги бул тууралуу окурмандардын пикирин билүүнү чечти.

Ооба — 24% — 16 голосов
Жок — 72% — 47 голосов
Мага баары бир — 1% — 1 голос
Мен жөө жүрөм — 1% — 1 голос

Эң көп окулган жаңылыктар