04:26
USD 87.30
EUR 93.76
RUB 1.03

Эмне үчүн TikTok тармагынын жабылышы балдарды зыяндуу контенттен коргой албайт

Маданият министрлиги Кыргызстанда TikTok социалдык тармагын жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Чиновниктер аталган тиркеме жаш балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизет деп эсептешет. Мекеменин маалыматы боюнча, TikTok тиркемеси колдонуучуларды кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө азгырып, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул аракеттерди кайталоого аракет кылышат. Ал эми алардын айрымдары жашоого коркунуч туудурат.

Балдар психологу Тынчтыкбек Бакытов 24.kg агенттигине берген маегинде социалдык тармакты жабуудан эмне үчүн майнап чыкпай турганын жана аны кантип пайдалуу колдонсо болорун айтып берди.

Фото Тынчтыкбек Бакытов

— Акыркы убакта балдарды пайдасыз контенттен коргоо үчүн тигил же бул социалдык тармакты жабуу же интернетке кирүүнү чектөө тууралуу сунуштар айтылып жатат. Жалгыз тыюу салуу менен маселени чечүүгө болобу?

— Бүгүнкү күндө дүйнө тездик менен өнүгүп жатат. Балдарга социалдык тармактарга кирүүнү тыюу салуу кыйын болот. Ата-энелер дагы аларга көнүп калышты. Соцтармактар күнүмдүк жашообузда бизге пайдалуу боло алат. Бир нерсени табуу, буйрутма берүү, маалымат алуу үчүн колдонууга болот. Интернет аркылуу онлайн китепканаларга кире алабыз. Ар кандай видеолордун жардамы менен балдар мектеп темаларын дагы да тереңирээк өздөштүрүп, сабактарга даярданышат.

 Ошондуктан, толугу менен тыюу салуу таптакыр туура эмес. Албетте, ар дайым VPN сыяктуу бир альтернатива табылат.

Балдарга тыюу салынышы керек болгон нерсе — порнография. Бул биздин өлкөдө дагы деле баары үчүн жеткиликтүү. Ар бирибиз Google аркылуу зордук-зомбулуктан балдар порносуна чейинки ар кандай форматтагы видеолорду таба алабыз. Ошондуктан мен порнография, зордук-зомбулук жана баңгизаттарды жайылтуу жагынан маалыматты чектөөнү колдойм. Түркия, Өзбекстан жана өнүккөн өлкөлөрдө балдар үчүн порно сайттарына кирүүгө чектөөлөр бар экенин билем.

Бирок мен социалдык тармактарды жабуу демилгесин колдобойм, анткени ал өспүрүмдөрдүн жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. Ошол эле TikTok камерадан уялбай, элдин алдында эркин сүйлөөгө жардам берет. Социалдык тармактар аркылуу балдар азыр акча таба алышат.

— Эгер тыюу салуу натыйжа бербесе, ата-энелер балдарды зыяндуу маалыматтардан кантип коргой алышат?

— Биринчиден, 13 жашка чейинки балдар үчүн ата-эненин көзөмөлүн орнотсо болот, ал айрым сайттарга кирүүгө бөгөт коет.

Жалпысынан санариптик доордо зыяндуу маалыматтар арбын экенин түшүнүү керек. Ар бир ата-эне аны ар кандай түшүнөт, андыктан алар жасай турган эң биринчи нерсе — балдар менен баарлашуу. Зыяндуу маалыматтардан коргоо талкуу, дискуссиялар аркылуу гана жүрүүгө тийиш.

 Ата-эне бала менен канчалык сапаттуу убакыт өткөрсө, ошончолук аны зыяндуу маалыматтардан коргой алат.

— Балдар социалдык тармактарды психикалык ден соолугуна зыян келтирбестен кантип туура колдонуп, пайдалуу маалыматтарды ала алышат?

— Ар биринин телефонун текшере албайбыз. Ар ким өзү көргөн контентти өзү калыптандырат.

Баса, убагында китептер, телевизорлор дагы кооптуу болуп эсептелчү. Аны көп көрүүгө болбойт деп айтышчу. Себеби булардын бардыгы маалымат булагы болгон. Азыр дагы телефон, социалдык тармактар, интернет менен ошондой эле абал болуп жатат.

Бирок кичинекей балдардын социалдык тармактар жана интернет менен байланышын болушунча азайтууга аракет кылуу керек.

Көпчүлүк ата-энелер балдарына тамак жеп жаткан учурда телефон берип коюшат. Бул өтө зыяндуу жана коркунучтуу. Тамактанып дагы, маалымат алып дагы, эки ишти бир убакта жасаган балдар эмне жеп жатканын түшүнбөй калышат. Бул натыйжада тамактануунун бузулушуна (ашыкча тамактануу же жетишсиз тамактануу) алып келиши мүмкүн. Алар башка нерсеге алаксып, тамактын даамын толугу менен сезе алышпайт.

Бирок бул жерде балдардын күнөөсү жок. Алардын социалдык тармактардан, YouTube, телефон, мультфильмдерден көз каранды болуп калышына чоңдор күнөөлүү. Бул баланы тез тынчтандыруу үчүн колдонулган заманбап упчу болуп калды. Муррун упчуну кыямга малып беришчү, азыр телефонду күйгүзүп беришет.

Көп учурда ата-энелердин дагы санариптик коопсуздук боюнча маалыматы аз.

— Кичинекей балдар үчүн кандай мазмунга тыюу салуу (чектөө киргизүү) керек?

— Балдар үчүн оюндарды өтө кылдаттык менен тандоо керек. Реакцияны, ой жүгүртүүнү өрчүтө турган, билим берүүчү мазмунга ээ сонун оюндар бар.

 Зордук-зомбулукту, адамдарга карата сыйлабастыкты, киши өлтүрүүнү, агрессияны таңуулаган оюндарга тыюу салуу керек.

TikTok социалдык тармагында көзөмөл жакшы. Балдар үчүн зыяндуу мазмунга чектөөлөр бар. Ал 13 жаштан жогору колдонуучулар үчүн гана жеткиликтүү.

Өспүрүм куракка чейин ата-энелер мүмкүн болушунча балдарына жакын жана аларга карата ачык болушу керек.

Ата-энелер кандайдыр бир контент балдарынын тарбиясына таасир берип, аларды өзгөртөт деп коркушат. Минин оюмча, эң чоң көйгөй ушул жерде. Мына, кайсы бир жерде ЛГБТ же башка нерсенин пропагандасы журүп жатат деп кооптонушат. Эгерде баланын кандайдыр бир манипуляцияга кабылып калышынан коркушса,анда бул жерде ата-энеге суроо жаралат. Сиз канчалык деңгээлде балаңыз менен жакшы мамиледесиз, ага каалагандай туура тарбия бера алдыңызбы?

 Эгер балдарыңыз менен мамилеңиз жакшы болсо, анда кандайдыр бир социалдык тармак же белгилүү бир контент аларга таасир берет коркпошуңуз керек.

Жалгыз гана нерсе, балдар менен сүйлөшүп, талкуулап, алар менен чоогу бир тыянак чыгаруу керек.

— Канча жашынан баштап балдарга социалдык тармактарга кирүүгө уруксат берсе болот?

— 12 жаштан баштап. Бирок азыр бул реалдуу эмес экени түшүнүктүү. Алар YouTube, социалдык тармактар, мессенджерлерди колдонушат. Ошондуктан, ата-эненин көзөмөлүн орнотуп, өспүрүм куракка чейин балдар эмне көрүп жатканын көзөмөлдөш керек. Бул күн сайын алардын телефондорун текшерип туруу керек дегенди түшүндүрбөйт, жалпысынан сак болуш керек.

— Интернетке кирүү убактысы чектелүү болуш керекпи?

— Ооба. Жети жашка чейинки балдар үчүн күнүнө бир саатка чейин жана мектеп жашындагылар үчүн эки саатка чейин.

Мен жети жашка чейинки балдарга телефонду такыр бербөөнү сунуштайт элем. Азыркы шартта бул дээрлик мүмкүн эмес. Андыктан жок дегенде күнүнө 30 же 20 мүнөткө бөлүп, максимум бир саатка берүү керек. Муну үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү менен сүйлөшүп, жалпы эрежелерди киргизсе болот.

Жашоодо биз балдарга бир нерсеге тыюу салып, аны өзүбүз жасай беребиз. Ошондо балада суроо жаралышы мүмкүн. Эмне үчүн бардыгына уруксат, мага гана болбойт деген. Бул жагынан алганда, чоңдор дагы телефонду колдонууну азайтыш керек.

— Баланын интернеттен көз каранды экенин кантип билсе болот?

— Албетте, бардык учурлар бирдей эмес, бирок негизги белгилери бар жана аларды ата-энелер байкай алышат. Эгер бала күн бою телефон баскылап отурса, аны алып койгондо чыр чыгарып, ансыз уктай да, кадимкидей баса да албаса, тынчсызданса, анда ал интернеттен коз каранды болушу мүмкүн. Чоңдорду байкасак, жада калса дааратканага телефон менен киребиз. Ал жок болсо, тынчсызданабыз.

 Ар кандай контентти ашыкча керектөө балдардын уйкусунун бузулушуна, жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө алып келет, көрүү жана психикалык ден соолугуна таасир этет.

— Көз карандылык менен кантип күрөшүүгө болот?

— Телефонго, социалдык тармактарга болгон көз карандылык тамак-ашка, баңгизатка, тамекиге, алкоголго жана башка бардык нерселерге болгон көз карандылык сыяктуу эле. Ал кантип пайда болот? Биз бир нерсе көргөн учурда, оюн ойногондо ар кандай эмоцияларды жашап, окситоцин, дофамин бөлүнүп чыгат. Бул биздин мээбизге таасир берет.

АКШда гаджет, социалдык тармактарга болгон көз карандылык оорулардын тизмесине киргизилген. Психотерапевттер, балдар психологдору бул нерсени жеңүүгө жардам беришет.

Жүрүм-турумду оңдоп, үй-бүлөдөгү эрежелерди өзгөртүп, адистерге кайрылуу керек. Бирок көз карандылык менен күрөшүүнүн универсалдуу бир ыкмасы жок, анткени ар бир адам ар башкача калыптанган, ошого жараша иш алып баруу керек.

— Эч кандай чара көрбөсө, анын кесепети кандай болушу мүмкүн?

— Баланын ден-соолугу үчүн, ошондой эле анын психикалык, эмоционалдык өнүгүүсү үчүн ар кандай кесепеттер болушу мүмкүн. Көрүү, уйку, концентрациянын бузулушу, бир ишти аягына чейин чыгара албоо, дайыма телефонго алаксый берүү. Ал эми социалдык чөйрөдө болсо, азыркы убакыт менен байланыш үзүлүп, жандуу сүйлөшүү аз болуп калат. Балдар барган сайын онлайн режимге артыкчылык бере баштайт жана бул алар үчүн жетиштүү эле болуп калат. Коомчулуктун иллюзиясы түзүлөт.

Кээде ойноп жатып, тамактанууну да унутуп калышат. Мындан улам Кытайда өспүрүмдөр каза болгон учурлар болгон. Ошондуктан, ата-энелер телефондорду, гаджеттерди, интернетти керектөөнү жөнгө салып, чектеши керек.

Эң көп окулган жаңылыктар