12:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына кирүү чектелди

Кыргызстанда TikTok социалдык тармагына кирүү чектелди. Бул тууралуу окурмандар билдиришүүдө.

Алар социалдык тармакка кирүүдө кыйынчылыктар жаралып, үзгүлтүккө учурап жатканын белгилешүүдө. Белгилүү болгондой, айрым провайдерлерде азырынча тиркеме иштеп жатат.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет провайдерлерине TikTok социалдык тармагын бөгөттөөнү суранып, кат жөнөткөн.

Буга чейин мекеме УКМКдан кат алган. Анда TikTok тармагынын кыргыз сегментиндеги, айрыкча балдар үчүн контетти көзөмөлдөө системалуу жана принципиалдуу болбой жатканы айтылган.

Эске салсак, Маданият министрлиги өткөн жылдын август айынын аягында эле Санариптик өнүктүрүү министрлигине TikTok социалдык тармагын бөгөттө өтүнүчү менен кайрылган. Мекеме бир катар бейөкмөт уюмдар социалдык тармактын балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс таасири тууралуу тынчсызданып кайрылганын билдирген.

Бул чечим коомчулукта да, эксперттик чөйрөдө да резонанс жараткан. Популярдуу социалдык тармакты бөгөттөө Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин көйгөйлөрүн күчөтүп, сөз эркиндигине жана демократияга залакасын тийгизет деген пикирлер тараган.

Эң көп окулган жаңылыктар