18:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда абитуриенттерди кышкы ЖРТга каттоо аяктады

Кыргызстанда абитуриенттерди кышкы Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо аяктады. Билим берүүнү жана окутуу усулдарын баалоо борбору 24.kg агенттигине кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга 767 адам катталганын билдирди.

Эске салсак, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Окууга тапшыруу үчүн абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшү керек. Былтыр кышкы ЖРТга 1 миң 260 абитуриент катышып, 800дөн ашык абитуриент окууга өткөн.

Каттоо 27-октябрда аяктады. Чет өлкөдөгүлөр тест тапшыруу үчүн бир күн мурда каттала алышат.

Республиканын ЖОЖдоруна жылына эки жолу кабыл алуу механизми жогорку кесиптик билим алууга жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында иштелип чыккан.

 Кышкы кабыл алуу жайкы кабыл алуудан кийин бош калган контракттык орундарга гана жүргүзүлөт.

Тогуз мамлекеттик жана 26 жеке менчик окуу жайлары кыш мезгилинде абитуриенттерди кабыл алат. Алардын тизмеси менен сайтынан таанышууга болот https://2020.edu.gov.kg. Тестирлөө 24-ноябрдан 30-ноябрга чейин жүргүзүлөт (тестирлөөнүн так мөөнөтү тест тапшыра тургандардын саны аныкталгандан кийин айтылат).

Эң көп окулган жаңылыктар