17:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

АКШда белгисиз кишинин ок атуусунан 22 адам каза болду

АКШнын Мэн штатындагы Льюистон шаарында белгисиз адамдын ок атуусунан кеминде 22 киши өлүп, 60тан ашыгы жаракат алды. Бул тууралуу CNN жана NBC News телеканалдары кабарлады.

Полиция кол салган адамдын тек-жайы аныкталганын билдирип, анын куралчан сүрөтүн жарыялады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, шектүү 40 жаштагы Роберт Кард аттуу жаран.

Полиция «Х» социалдык түйүнүнө Кард кармала электигин жазып, шаар тургундарына коопсуз жерлерде болууну сунуштады.

The Sun Journal гезити шаардык полициянын өкүлүнө шилтеме кылып, ок үч башка жайда -Sparetime Recreation боулинг-холлунда, Schemengees Bar & Grille ресторанында жана Walmart борборунда атылганын кабарлады. Маалыматка караганда, Schemengees менен Sparetime Recreation холлунун ортосундагы аралык 6,5 чакырымды түзөт жана биринчисинен экинчисине автоунаа менен 10 мүнөттүн ичинде жетип барса болот.

NBC News’тун булактары Роберт Кард буга чейин да кылмыш жасаган болушу мүмкүн экенин билдирүүдө. Азырынча анын эмне себептен мындай кадамга барганы белгисиз.

Ак үй бул окуя тууралуу президент Жо Байденге маалымат берилгенин, ал мындан кийин да ыкчам маалыматтарды алып турарын билдирди.

Льюистон Мэн штатындагы ири шаар эсептелген Портлендден 56 чакырым түндүктө жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар