17:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы дээрлик 800 миңден ашуун айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузган

2023-жылы дээрлик 800 миңден ашуун айдоочу жол кыймылынын эрежесин бузган. Мындай маалыматтар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын тогуз айдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча кеңешмесинде айтылды.

Мекеменин маалыматы боюнча, жол эрежесин бузган 746 миң 673 айдоочу аныкталган. Мамлекеттик бюджетке 396 миллион 92 миң 240 сом түшкөн.

  • 8 миң 8862 айдоочу мас абалында унаа башкарган
  • 125 миң 422 жаран ылдамдыкты ашырып айдаган
  • 2 миң 409 терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар
  • 7 миң 828 тийиштүү докумменттери жок унаа башкаргандар
  • 282 адам авто ээнбаштык кылган
  • 178 миң 146 коопсуз курун тагынбаган айдоочулар

Ошондой эле 420 миң 582 башка жол эрежелерин бузуу учурлары катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар