20:20
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны 2,8 миңден ашты

2023-жылдын башынан бери 2 миң 842 адам кызамык менен ооруган. Алардын басымдуу бөлүгүн 4 жашка чейинки балдар түзөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык иммунопрофилактика борборуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, ооругандардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу кызамыкка жана кызылчага каршы кошумча эмдөө өнөктүгү уланууда. Бул өнөктүк 2023-жылдын 18-сентябрында вирус өзгөчө кеңири жайылып жаткан аймактарда — Бишкек, Ош шаарларында, Ош жана Чүй облустарында башталган. Төрт жуманын ичинде 450 миңден ашуун бала вакцина алышты.

Эмдөө тогуз айдан жети жашка чейинки курактагы балдар арасында буга чейин эмделгенине же кызамык жана кызылча менен ооруганына карабастан жүргүзүлүп жатат.

Ооругандардын көбү Бишкек (757 адам), Ош шаарларында (321 адам), Ош облусунда (670 адам), Чүйдө (389 адам) жана Жалал-Абадда (440 адам).

«Вирус кеңири жайылган Ош шаарында жана облусунда инфекцияны жуктурган учурлар кыйла төмөндөдү жана жумасына эң көп дегенде 5 учур катталып калды. Бишкекте жана Чүй облусунда кызамыкка каршы кошумча иммунизациялоого тартуунун деңгээли төмөн болгондуктан кырдаал курч бойдон калууда жана жумасына 20дан 50гө чейин учур катталып жатат», — деп белгилешти мекемеден.

Жалпысынан алганда, кызамык боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Окуу жылынын башталышы менен мектептерде жана бала бакчаларада ооругандар көбөйдү.

«Вирустун алдын алуу үчүн балдар топтолгон жамааттарга эмделбегендерди киргизбөө боюнча санитардык көрсөтмөлөр жөнөтүлдү», — деп билдирди министрлик.

Вирустун жайылышын токтотуу үчүн эмделгендердин көрсөткүчү 95 пайыздан жогору болууга тийиш.

Мекеме кызамык коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктыра турган дары жок, ал эми анын оор түрү өлүмгө алып келиши мүмкүн экендигин эскертти.

«Кызамык — бул коркунучтуу жана өтө жугуштуу вирустук оору, аны айыктыра турган дары жок, ал эми анын оор түрү өлүмгө алып келиши мүмкүн. Профилактикалык эмдөөдөн өтпөгөн балдар жана чоңдор тобокелдик зонасында болушат. Оорудан вакцина гана коргой алат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар