USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Оштун мэри Акжол Махмудовго жана анын машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырды

13:51, 13 октября 2023, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов грек-рим күрөшү боюнча балбан, дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудов менен жолукту. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мэр Акжол Махмудовду Сербиянын Белград шаарында өткөн мелдештеги жеңиши менен куттуктады.

Бакытбек Жетигенов спортчунун жараткан ийгиликтерин белгилеп ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстан 30дан ашуун өлкөнүн арасында командалык эсепте үчүнчү орунду ээлеген. Мындай натыйжа өлкө тарыхында биринчи жолу болду.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика