Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу айылында эки соода түйүнү жана эмерек жасоочу жай күйүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдирди.
Алардын маалыматына ылайык, өрт «Тыйын» соода түйүнүндө саат 3:00дө чыгып, жакынкы объектилерге да жайылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттү өчүрүүгө беш 5 күжүрмөн эсеп тартылып, чектөөгө алынды. Жеринде 28 куткаруучу жана 3 офицер иш алып барууда.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, өрт чыккан аянт 1 миң 900 чарчы метрди түздү.

