18:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

БУУ сейсмологиялык коопсуздук боюнча долбоорлордо жардам берүүгө даяр

БУУ Кыргызстанга сейсмологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Акылбек Жапаров бир катар өлкөлөрдө жер титирөөлөрдүн катастрофалык кесепеттери техногендик процесстердин алдын алуу жана минималдаштыруу боюнча мамлекеттик чаралардын комплексин талап кылаарын белгиледи.

«Биз үчүн эң башкысы жарандарыбыздын коопсуздугу, ошондуктан мамлекет тарабынан имараттардын жана курулуштардын сейсмикалык туруктуулугун текшерүү боюнча чаралар күчөтүлүп, бул багытта мамлекеттик комиссия иш алып барууда. Бирок алдыдагы курулуш технологияларын киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү курулуш секторун системалуу жаңыртуу боюнча конкреттүү милдеттерге көңүл буруу милдети турат», — деди ал.

Ал сейсмикалык жүктөрдү эсептөө жана долбоорлоо алдындагы изилдөөлөр боюнча өзүнчө илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле учурдагы ченемдик укуктук жана техникалык базаны өркүндөтүү зарылдыгын айтты.

Антье Граве өлкөнүн сейсмологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин билдирди жана бул жаатта БУУнун түзүмдөрү 3 негизги — туруктуу турак жай курууга, шаар курууга жана курулуп жаткан имараттарды пландаштырууга багытталганын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар