14:21
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Экономика министри Артем Новиков кыргыз тилин үйрөнүү үчүн мугалим издейт

Экономика министри Артем Новиков кыргыз тилин үйрөнүү үчүн мугалим издеп жатат. Бул маалыматты мекемеден ырасташты.

Министр мамлекеттин эсебинен тил үйрөнөт. Мамлекеттик сатып алуу порталына кыргыз тилин үйрөтүүчү мугалимдердин кызматына сынак жарыяланды. Артем Новиков үчүн 36 миң сом бөлүнөт. Ага тилди жекече үйрөтүү зарыл.

Андан тышкары, министрликтин 100 кызматкери дагы мамлекеттик тилди окушат. Алардын билимине 324 миң сом каралды.

Эң көп окулган жаңылыктар