14:30
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Өкмөт министрлер кабинетинин жаңы түзүмү менен тааныштырууну кечеңдетип жатат

Өкмөт министрлер кабинетинин жаңы түзүмү менен тааныштырууну кечеңдетип жатат. Бул тууралуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча парламенттик комитеттин отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева билдирди.

Ал өкмөт муну 15-сентябрда эле аткарабыз деп убадалаганын эскертти.

Буга жоопту биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов берип, жаңы түзүм менен 1 жарым айдын ичинде тааныштыра тургандыгын айтты.

«Тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Түзүмдөрдү тааныштыруудан мурда бизде чече турган суроолор бар», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар