Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлинге учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:
- биринчи айым Айгүл Жапарова;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президентти администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов.