20:29
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Орусия Кыргызстан менен Тажикстанды кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды

Россия Кыргызстан менен Тажикстанды кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жетишилген оң натыйжаларды жокко чыгарбоо үчүн кескин билдирүүлөрдөн жана ойлонулбаган кадамдардан алыс болууга чакырды. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.

Белгиленгендей, Москва Бишкек менен Душанбенин ортосундагы чек ара боюнча карама-каршылыктарга байланыштуу кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салууда.

«2022-жылдын 13-октябрында Астанада Россия, Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды эске алуу менен, биздин өлкө өнөктөштөрүбүз үчүн алгылыктуу болгон ар кандай көмөк көрсөтүүгө даярдыгын тастыктайт», — деп айтылат маалыматта.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги постсоветтик мейкиндиктеги куралдуу кагылышуулар баарынан мурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн чыныгы кызыкчылыктары менен эч кандай байланышы жок өзүмчүл максаттарын көздөгөн «жамааттык Батышка» пайдалуу экенин эскертти.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тажик бийлигин Кыргызстанга карата аймактык дооматтарынан баш тартууга чакырган.

«Эгерде коңшу өлкө өзүнүн аймактык дооматтарынан баш тартпаса, анда биз да аны коебуз. Бизде буга күч жана мүмкүнчүлүк жетиштүү. Бизде ондогон, ал тургай жүздөгөн жылдар мурун Тажикстанга өткөн жерлерибизди кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар», — деген ал.

Мындан кийин эле Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Сүйлөшүү учурунда элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде пайда болгон Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселелери боюнча айткандары тажик тараптын тынчсыздануусун жаратканы билдирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар