18:28
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Европадагы украин качкындарынын саны 10 миллионго жетти

Орусия согуш ачкандан бери Европага баш калка издеп кеткен украиналык качкындардын саны 10 миллионго жетти. Бул тууралуу Европа Биримдигинин (ЕБ) ички рынок боюнча комиссары Тьерри Бретон Франциянын Sud Radio каналына курган маегинде билдирди.

Бретон качкындарды кабыл алууга Польша, Венгрия жана Чехия жигердүү катышып жатканын айтты. Анын белгилешинче, Чехияда эле украиналык бозгундар 440 миңди түзөт.

Буга чейин Еврокомиссия Орусиянын Украинага каршы агрессиясынан качкан адамдарды убактылуу коргоо механизмин 2024-жылдын 4-мартынан 2025-жылдын 3-мартына чейин узарткан.

Украиналык качкындарды убактылуу коргоонун бир жылдык механизми алгач 2022-жылдын 4-мартында күчүнө кирип, кийин дагы бир жылга узартылган эле.

Качкындарга ЕБ өлкөлөрүндө жашоого, иштөөгө, балдардын билим алышына, социалдык, медициналык жана башка жардам түрлөрүн алууга укук берилет.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва «атайын операция» деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Кремлди агрессор катары айыптап жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар