18:16
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко барды

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына барды.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында президент Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин лидерлеринин диалогуна катышат. БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти Джо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, ошондой эле чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен жолугушууларды өткөрөт.

Мындын тышкары, өлкө башчысы Американын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
  • Кыргызстандын Америкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бактыбек Аманбаев;
  • президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Исанов;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
  • саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
  • юстиция министри Аяз Баетов;
  • Кыргызстандын БУУнун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева.
Эң көп окулган жаңылыктар