22:42
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Москвада башы кесилген маркумдардын бири Кыргызстандын жараны болгон

Москвада башы кесилген маркумдардын бири Кыргызстандын жараны болгону аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Буга чейин, элчилик Россиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин Головинский райондор аралык тергөө бөлүмүнө кайрылган.

Кыргызстандын элчилигинин жана каза болгон жарандын апасынын катышуусунда анын өздүгүн тактоо иш-чарасынын жыйынтыгында маркум 1994-жылы туулган Б.у.С. аттуу кыргыз жараны экени аныкталды.

Элчилик тарабынан каза болгондордун жакындарына зарыл болгон консулдук-укуктук жардамдар көрсөтүлүүдө. Ошондой эле маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү маселеси каралууда.

Бул факты боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин «киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, 12-сентябрда Москвада эки адамдын башы кесилген сөөгү табылган. Россиянын маалымат каражаттары кабарлагандай, каза болгондордун бири бурятиялык дарыгер-травматолог, экинчиси кыргызстандык болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар