07:33
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Жогорку Кеңеш жаңы дайындалган министрлердин талапкерлигин колдоду

Парламент саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин талапкерлигин колдоду. Чечим Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды.

Алымкадыр Бейшеналиевге 79 депутат добуш берди.

Мындан тышкары депутаттар Гүлнара Баатырованын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалышына макулдук беришти. Ал эми Нурия Кутнаеванын талапкерлигин санариптик өнүктүрүү министри кызматына бекитишти.

Эң көп окулган жаңылыктар