02:19
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Казакстанда Максим Галкиндин концерттери өтө турганы кабарланды

Казакстандын Астана жана Алматы шаарларында орусиялык куудул Максим Галкиндин концерттери өтө турган күндөр белгилүү болду. Бул тууралуу анын продюсери Алексей Пучков билдирди.

«Достор, акыры бизге жакшы жаңылык келди! Казакстанда Максим Галкиндин концерттери өтмөй болду!», — деп жазды Пучков Facebook баракчасына.

Астана акимчилигинин басма сөз кызматы Галкиндин концерти 8-октябрда баш калаанын Борбордук концерттик залында өтөрүн ырастады.

«Буга чейин Максим Галкиндин концертине эч кандай тыюу болгон эмес. Артист тандаган күнү бул жайда Мугалимдер күнүнө арналган иш-чара өтө тургандыктан, башка күндү тандоону сунуштаганбыз. Галкиндин өкүлдөрү дээрлик жарым жылдан кийин дагы бир жолу кайрылып, биз датасын бекиттик», — деди басма сөз кызматтын өкүлү.

Ал концертте саясий темаларда тамашаларды айтууга эч кандай чектөө жок экенин кошумчалады.

Алматы акимчилигинин Маданият башкармалыгынын башчысы Гани Майлыбаев Максим Галкиндин концерти шаардагы Республика сарайында 9-октябрда өтөрүн билдирди. Анын айтымында, Астанадагыдай эле Алматыда да Галкиндин концертине тыюу салынган эмес, болгону артист тандаган күнү концерттик зал бош эмес болгон.

Августтун аягында Максим Галкин бир нече айдан бери Казакстанда концерт өткөрүүгө уруксат ала албай жатканын билдирген. Ал «Инстаграм» социалдык түйүнүнө жарыяланган видеокайрылуусундаанын Алматы жана Астана шаарларында концерт өткөрүүсүнө «мамлекеттик деңгээлде» тоскоолдуктар болуп жатканын айткан.

«Кандайдыр бир ойдон чыгарылган себептерди айтып, көшөгө артында тыюу салып келишет. Концерттеримден коркуп жатышса, демек Казакстандын бийлиги үчүн мен кандайдыр бир коркунуч туудуруп жаткан окшойм. Иш жүзүндө бүгүнкү күндө менин концерттериме тымызын тыюу бар», — деген Галкин.

Максим Галкин Украинада согуш башталгандан бери орус бийлигин сындап, кан төгүүнү токтотууга чакырып келет. 2022-жылы ал жубайы — Алла Пугачева менен чогуу Орусиядан чыгып кеткен. Федералдык телеканалдар анын катышуусундагы жарнамалардан баш тартып, «Биринчи каналдагы» «Бүгүн кечинде» берүүсүнүн алып баруучулугунан четтетилген. Көп өтпөй бийлик аны чет элдик агент деп тапкан. Өткөн жылы сентябрда кыска убакытка Орусияга кайтып барган Алла Пугачёва ал да согушту айыптап жүргөнүн айтып, бийликтен аны да чет элдик агент деп таанууну талап кылган.

Галкин социалдык түйүндөрдө жана чет өлкөлөрдөгү концерттеринде дайыма согушка каршы пикирин ачык айтып келет.

Буга чейин коомдун талабы менен Казакстанда согушту колдогон орусиялык Полина Гагарина, Григорий Лепс, Лариса Долина сыяктуу ырчылардын концерттерине тыюу салынган. Мындан тышкары согушту колдогон актёр Сергей Глушко катышкан спектакль да коюлбай калган.

Эң көп окулган жаңылыктар